Бишкекте кампада чыккан ири өрттөн улам келтирилген чыгымдар эсептелинүүдө

Бишкекте күйүүчү-майлоочу каражаттарды сактаган кампадагы өрттөн улам келтирилген чыгымдар эсептелинүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле өрттүн кесепетинен келтирилген чыгымдар эсептелип жатат. Ага 2-3 жума убакыт керектелет", - деп билдиришти ӨКМдан.

Айта кетсек, өрт боюнча маалымат 5-ноябрь күнү саат 13:03 чамасында келип түшкөн. Анда Садыгалиев көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилишинде пенобетон чыгаруучу заводдо өрт чыкканы айтылган. Кийин өрт кырсыгы күйүүчү-майлоочу каражаттар сакталган кампада чыкканы белгилүү болгон. Өрт 2500 чарчы метр аянтты чапчып, анда болжол менен 700 тоннага жакын күйүүчү-майлоочу каражаттар күйгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан