Чүй облусунда "мурунку аялын сабаган" деген шек менен 32 жаштагы жаран кармалды

Чүй облусунда "мурунку аялын сабаган" деген шек менен 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 33 жаштагы Төмөнкү Серафимовка айылынын тургуну кайрылган. Ал 4-ноябрь күнү саат 13:30 чамасында мурунку күйөөсү келип себепсиз сабап салганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чоң-Далы айылынын Т.С. аттуу тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
anar8672
2016-11-07 11:48:42
Ниети кара
0
barakcha
2016-11-07 14:47:14
Мындай немелердин колун сындырыш керек!
+1
dina1983-19
2016-11-07 15:10:12
barakcha,күнөө кимде экенин билип билбей эле айтабересиңби бул маалымат милициялардын берген маалыматы. Жөн эле сабап салбаса керек
-1
Djal1987
2016-11-07 18:20:03
dina1983-19,себеби бар болсо да сабаганга акысы жок закондо жазылбаган бироону себеби бар сабаса болот деген.элестетин сизди бир эркек сабап жатканын себеби бар болуп сиз эмне кылмаксыз. Токмок жеп калмаксызбы?
+1
chon.alai.
2016-11-07 15:29:40
чуй облусунда жашап аткан аялын талак бербей койо берген жаран кармалды!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан