Ысык-Ата районунда уурулукка шектелип жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 51 жаштагы Кант шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал 3-ноябрь күнү саат 20:00 чамасында белгисиз жаран дүкөндөн азык-түлүктөрдү жана унаасынын видеорегистраторун уурдап кеткенин билдирген. Мындан сырткары 39 жаштагы М.Б. аттуу жаран да арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адам анын унаасынан сумкасын жана документтерин уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бул фактылар боюнча кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Л.И. аттуу Ысык-Атанын тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.