Өткөн суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылында өрт кырсыгы катталды. Анда жалпы аянты 76 чарчы метрди түзгөн аянтта 1200 түк чөп күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгышына электр жабдууларын пайдалануудагы коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.