Борбор калаада "кызды сабап, бычак менен коркуткан" деген шек менен кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-октябрда милицияга арыз менен 1990-жылы туулган шаар тургуну кайрылган. Анда ал 1981-жылы туулган И.Д. аттуу жаран аны себепсиз ур-токмокко алып, чачынан кармап алып сүйрөп, бычак менен коркутканын билдирип, ага чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Арча-Бешик конушунун Ильгиз аттуу тургуну кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө ал кылмыштуу топтун мүчөсү экени аныкталды. Учурда ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.