Өткөн суткада өлкө аймагында 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаарында кафеден өрт чыкты. Анда Өзгөн көчөсүндө жайгашкан "Шанхай" кафесинин 100 чарчы метр ички шыбы, 2 терезеси, 1 муздаткыч жана идиш-аяктар күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар эсептелинүүдө.