Борбор калаада айдоочу рулду башкара албай жол боюндагы тосмону сүзүп, жаракат алды

Борбор калаада айдоочу рулду башкара албай жол боюндагы тосмону сүзүп, жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Биринчи Май районунун аймагында, Горький-Фатьянов көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун четиндеги бетон тосмону сүзгөн. "Куткаруучулар тарабынан айдоочуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ал "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан