Эки баласы менен кетип бараткан келинди сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочуну издөө иштери 1,5 айдан бери натыйжасыз болууда

Борбор калаада мындан 1 ай 18 күн мурун жолдо эки кызы менен кетип бараткан келинди сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочуну издөө улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.

"Кылмышка шектүү Р.Жалиловду издөө иштери натыйжасыз болууда. Ал тууралуу эч кандай маалыматтар жок. Учурда аны издөө иштери улантылууда", - деди Бугубаев.

Эске салсак, жол кырсыгы 21-сентябрда саат 17:30 чамасында Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндүн жанында орун алган. Анда жол тандабас башкарган Р.Жалилов аттуу айдоочу жолдо эки баласы менен кетип бараткан 23 жаштагы келинди сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Арадан көп өтпөй аталган айдоочу дагы бир жаранды сүзүп, андан соң май куюучу жайдын тосмосун сүзүп токтогон. Оор жаракаттарды алган жаш эне ооруканага жетпей каза тапкан. Ал эми кылмышка шектүү май куюучу жайды сүзгөн соң ал жерден да кетип, 22-сентябрга караган түнү Казакстанга өтүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhykyo
2016-11-08 10:46:38
Демейде бат эле табышат жакшы издебей жатышат окшойт
+3
bekiw.801
2016-11-08 11:37:02
zhykyo, "көздү жум" деп акчадан ыргытып койсо керек да...
+3
kochkor.siti
2016-11-08 14:52:47
bekiw.801,ошондой екени билинипе турат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан