Түп районунда баңгизат менен 26 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 26 жаштагы У.Токтоян аттуу жергиликтүү тургундун үйү тинтүүгө алынган. Аталган жарандын үйүнөн жалпы салмагы 2 килограмм 900 грамм гашиш табылган. Учурда ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.