Азимжан Аскаровдун сотунда кошумча күбөлөр суракка алынышты

Бүгүн, 8-ноябрда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишин кароону улантты. Анда кошумча күбө катары Абдурашид Иманалиев, Уланжан Осмонов, Паридахон Акбарова суралып, 2010-жылдын 10-июнунда Азимжан Аскаровду үйүнүн жанынан көргөнүн айтышты. Ошондой эле сотто айыпталуучунун иниси Акимжан Аскаровдун аялы Турдукан Аскарова да суракка алынды. Суракта ал 2010-жылдын 15-июнунда 7-8 бет капчан адамдар үйүн тинтүүгө алышканын, Аскаровдун эч кандай күнөөсү жок экенин билдирди.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
batkendik.18
2016-11-08 12:25:53
Жаны жыл келе жатат январьга калтыргыла же судянын ичи отуп калыптыр деп кийинги жумага жылдыргыла
0
aikokul14
2016-11-08 12:27:27
Ушул кишини эптеп бошоткону калышты.
+3
Malik92
2016-11-08 12:28:20
Ушу Аскаровдун соту эч бүтпөс болдуго. Айта беришет да күбөлөр жалганды күнөөсү жок деп. Камап жок кылгылачы.
+1
azamat.k
2016-11-08 12:33:48
Быйылкы жыл Аскаров менен Атамбайевдин жылы болду.Бироосунун же соту бутбойт,бироосу ляп эткенин койбоду.Эми Аскаровду актабай турмонун торунон орун бергиле,актады дегиче Кыргыз деген намысыбыз тебеленип кетет,ушул жагын ойлонгула соттор,жогорку жактын буйругун аткарбай.
+5
Jyrgal8
2016-11-08 12:50:28
бошотот баарибир буну себеби бул оо жогорунун жогор жагы болгон Кадыржан Батыровтун адамы болуп атпайбы ай ушу биздин Сотторчу кантип кайсы беттери менен басып журушот Соттор эле дейн десен Мамлекеттеги чиновниктер деле уялышпайт экен себеби Кадыржан Батыровду булар издеп журушот ал болсо чоон бир конференцияда соз алып кадырлуу адамдай суйлоп отурат ага кошумча ошол конференцияда призиденттик апарат окулдору кошо отуруптур Уят Уят Уят Кыргыздын башында турган Тоболдор..........................
+4
Arslan12
2016-11-08 13:00:20
Куболор жалан эле озунун туугандарындай сезилет!
+3
luna.kg
2016-11-08 13:04:24
Бул кишинин куноосу жок, бааарын ХХХ ХХХ балык башынан сасыйт дейт эмеспи
-7
admin_superstan
2016-11-08 15:57:11
luna.kg, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
0
bom.bon
2016-11-08 14:36:10
Сурака Азимжан таанышын эмес.Ошто баласынан айлыргандарды да киргизсин сурака жакшы жооп алышат паракорлор.
+2
Bolunbo.kyrgyz
2016-11-08 18:41:19
Куноосу болсо жок кыласын камап турмодо чирип антип азимжандын соту эртен болот бугун болот болбой калды дей бербей жиндиби кыргыз соту соттой албаса берсин соттой тургандарга тырмышып отура бербей
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан