Индияда Суриа кудайынын майрамында 21 киши каза болду

Индиянын Бихар штатында Күн кудайы деп аталган Сурианын майрамындагы кырсыктын кесепетинен 21 киши курман болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 8-ноябрда жазып чыгышкан.

Кырсык 7-ноябрь күнү Суриа кудайына арналган Чхатх-пуджа фестивалынын акыркы күнүндө болгон.

"Ошол күнү сыйынуучулар көлмөнүн жээгине келип, күндүн нуру менен учурашып, Күнгө сыйынышкан. Самастипур районунун сыйынуучулары жанында темир жол бар көлмөнүн жээгине чогулушкан. Катуу ылдамдыкта келе жаткан поездге бир чоң киши жана эки кичинекей бала урунуп каза болгон. Мындан тышкары башка райондордо эртең мененки сыйынуу убагында 18 адам сууга чөккөн", - деп жазылат маалымат булактарында.

Диний майрамдарды майрамдоодо жана фестивалдарды өткөрүүдө Индияда кырсык көп катталат. Сентябрь айында акылман Ганеша кудайынын фестивалында өлкөнүн ар кайсы бурчунан 28 киши курман болгон. Алардын баары сууга жуунтуу каадасында чөгүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
omu
2016-11-08 13:18:05
Булар Кудай жалгыз экенин билишпейби?
+9
Rifle_I
2016-11-08 13:46:08
omu,Булар төрөлгөндөн эле ушул динин үйрөтөт да. Ошол себептен түшүнүгү башка.
Мен индустун өзүнөн сурагам, ошол суудан кол же бут чыгып калса эмне кыласыңар деп. Ортосуна ыргытып салып, ылдыйынан иче беришет экен "священная вода" деп.
+6
bolsunalban
2016-11-08 14:27:58
Rifle_I, Ошон учун мутанттар коп торолот да. Оору да коп болот.
+6
Kg.arts.
2016-11-08 13:26:37
Ырас болуптур. Жалгыз кудай бар экенин билбегендерге кыйын. Жашоодо озуну таппай журушот да.
+6
gordaya
2016-11-08 13:30:50
Кыйын болбой, исламды бизге тоскоолдукка карабай, аман эсен жеткирген ата бабабызга ыраазычылык билдиргиле, болбосо журмокпуз биз да уйга сыйынып!
+18
Ayida
2016-11-08 17:00:31
gordaya,Ата бабалар себепчи болгон.Ыраазылыкты бир гана Аллах Таалага айталы
+5
Kuban99.kg
2016-11-08 13:32:09
Ыйман берсин Индиана
+3
souza.j
2016-11-08 13:46:55
Алар коп го чети оюлбайт мындан
-3
aseras
2016-11-08 13:50:27
Аллах жазалаганы ушул да.Башкаларга сабак болсун
+4
chon.alai.
2016-11-08 15:37:26
эмнеси болсо да ар бир адамга келген ажал жаман.адамдардын бут дуйнону козу мн коргонундо эмес ошол дуйнону ан сезими мн туйуп акылы мн жалгыз гана жаратуучуну Аллахты таанып беш кундук жалган дуйнодон сыноолордон отуу болсо керек.
+1
vangolu
2016-11-08 16:32:39
Жаратылганга сыйынбай Жаратканга сыйыныш керек.тоо ташты кунду айды кудай кылуу Жараткандын алдында жийиркеничтуу куноо
+1
mira28
2016-11-08 17:32:10
Ар кимде ар турдуу тушунук да Индия чон олко байыртадан буддизмге сыйынып келет алардын динин талкуулоого эч кимдин акысы жок мусулмандар деле меке мединага барып тебелендиде 1000деген адамдар каза болуп жатпайбы.Ага кандай карайсынар.
+3
elmurat.kg
2016-11-08 19:39:16
эн чон куноо кудайга шерик кошкондук болот.Алла Таала ушул кунону кечирбейт.Калгандарын кечирет...булардын дини ушундайда буддалар эзх.ошондуктан кудайга шугур кылыш керек мусулман кылып жаратканына...
бул индияда азыр эн бузулган олко болуп кетишти.дуйнодо 1-орунда тороолуу боюнча кунуно 48минге кобоёт экен демографиялык статистика боюнча
0
Sirduusezim
2016-11-08 21:29:17
Ошентип азайышып турушаттырда
0
sgushenka
2016-11-08 23:13:04
ХХХ индусы!!!
+1
admin_portal
2016-11-09 16:15:34
sgushenka, башкалардын улутун кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан