Кант шаарында каракчылыкка шектелген жаран кармалды

Кант шаарында каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрь күнү саат 11:30 чамасында белгисиз жаран Кант шаарындагы дүкөндөрдүн бирине кирип, анда соода кылып жаткан 12 жаштагы баланы бычак менен коркутуп 1700 сом акчасын алып кеткен.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү окуя болгон аймактан алыс эмес жерден кармалган. Ал 29 жаштагы Ж.Э. аттуу Ысык-Ата районунун тургуну болуп чыккан. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан