Ош-Бишкек унаа жолунда катталган жол кырсыгында Тажикстандын жараны каза тапты

Ош-Бишкек унаа жолунда катталган жол кырсыгында Тажикстандын жараны каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымында орун алган. Анда DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жолдон чыгып кетип, чоң ташты сүзгөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, оор жаракаттардан улам каза тапкан 1963-жылы туулган А.К. аттуу айдоочу Тажикстандын жараны болгон.

"Куткаруучулар айдоочунун А.Б. аттуу баласына алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, О.Б. аттуу жүргүнчүсүн райондук ооруканага жеткиришкен", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
novayariga
2016-11-09 10:34:07
Тажиктердикин жашырып эмне кыласынар, А О деп эле
-2
arena2014
2016-11-09 10:55:04
novayariga,кайдан билдин тажик экенин? Мумукун кыргыздыр тажикистанда туулган.
0
i-nurbek
2016-11-09 11:21:33
Кандай айырмасы бар туугандар. Алда бир кудайдын бир пендеси да. Жаткан жери жайлуу болсун
+1
Beksultan-007
2016-11-09 12:49:07
Тажикистандын жараны экен улутун дагы жазып койсонор болмок жанылыкты тактоо учун эле
+1
Kuba16
2016-11-09 14:59:37
Super.kg. сүрөттөрү менен чогуу чыгарсаңар жакшы болмок
0
33SUUN
2016-11-09 15:52:00
Ажалдан эч кимибиз качып кутулбайбыз.Кырсыктан,бей ажал олумдон сакта Аллахым пенделеринди.Ош Бишкек жолунда 731-чакырымы деген жерди укпаптырмын,же мен билбейт окшоймунбу.
-1
chon.alai.
2016-11-09 21:42:13
33SUUN,конко 731 эмес.231деп турат окубай туруп эле жаза берет окшойсун а
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан