Бишкекте "мейманканадан чала таанышынын уюлдук телефонун уурдаган" деген шек менен 20 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-ноябрда милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 24 жаштагы Х.К. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал саат 20:00 чамасында Чүй-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мейманканадан А. аттуу чала таанышы уюлдук телефонун алып, качып кеткенин билдирген.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 20 жаштагы Р.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.