Бишкекте чет элдик жаранды өлтүрүүгө аракет кылгандар кармалышты

Бишкекте чет элдик жаранды өлтүрүүгө аракет кылгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине оперативдүү маалымат келип түшкөн. Анда убактылуу Бишкекте жашаган чет элдик жаранды өлтүрүүгө аракеттер болуп жатканы айтылган.

Бул маалыматтын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде тургунду өлтүрүүгө аракет кылгандар аныкталды. Абакта жаткан адам атайын киши жалдап, анын кызматы үчүн 2 миң доллар убадалаган. Учурда анын буйругун аткарууга аракет кылгандар кармалып, “кылмышка даярдануу”, “киши өлтүрүүгө аракет кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду" , - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Алдын ала маалымат боюнча, оор кылмыш боюнча эркинен ажыратылган адам чет элдик жаран аялы менен жолугуп жүргөнү үчүн ушундай кадамга барууну чечкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Seryi-Kardinal
2016-11-09 11:48:11
arzan baalawyptyr go
0
Malik92
2016-11-09 12:50:42
Туура эле кылат да аялы менен жоолугуп жұрсө андайды өлтүрүп жок кылыш керек.
-1
Patriot..kg
2016-11-09 13:31:49
Malik92, +++
0
Malik92
2016-11-09 13:17:15
Ээн эркин жұргөнүнө сүйүнбөйбү ошо чет элдик.
+2
Talant2016
2016-11-09 14:12:32
Биздикилер өзгөдөн эмес күнөөнү өзүбүздүн издейбиз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан