Бишкекте "ири суммадагы акча алып, бербей жүргөн" деген шек менен чет элдик жаран кармалды

Борбордо "ири суммадагы акча алып, бербей жүргөн" деген шек менен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ милицияга арыз менен 37 жаштагы Ч.А. кайрылган. Анда ал 2015-жылдын январь айында Пакистан Республикасынын З. аттуу жараны анын ишенимине кирип 22 640 доллар акчасын алып, бербей качып жүргөнүн билдирген.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Бишкекте убактылуу жашап жаткан 26 жаштагы З.У. аттуу жаран кармалган. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
PatriotKG01
2016-11-09 13:34:44
Кыргызстан проходной двор болуп баратат.
+2
Nurkyz1977
2016-11-10 11:15:58
Озбекистанда жашаган адамдан акчабызды кантип алсак болот экен 20000$ алат элек эки жылдан бери бербей журот,а биз уяты болсо берер деп умут узбой кутуудобуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан