Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкерине козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын 25-февралында Ысык-Ата РИИБинин С.Б. жана К.К. аттуу эки кызматкери К.А. аттуу жаранды аталган мекемеге алып барышып, кылмышты мойнуна алдыруу үчүн кыйнашкан. Мындан улам К.А. жеңил жаракат алган.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Учурда иш Ысык-Ата райондук сотуна өткөрүлүп берилди.