Бүгүн, 9-ноябрда Свердлов райондук сотунда өлкө башчыны "чүпүрөк" деп жана милиция кызматкерлерин кемсинткен жарандын ишин кароо улантылды. Соттук кароонун алкагында жабырлануучу тарап жактоочусу тууганы каза болуп келбегендигине байланыштуу соттук кароону башка күнгө жылдырууну өтүндү.
Буга айыпталуучу Р.Алимовдун жактоочусу эмки соттук кароого жабырлануучу тараптын айткандарын далилдөөчү кагаздарды алып келүүнү өтүндү. Бирок судья жабырлануучу тараптын өтүнүчүн канааттандырды.
Жабырлануучу буга чейинки соттук отурумда айыпталуучу айткандары үчүн кечирим сураганына аны мактады, бирок өзү аны кечире электигин кошумчалады.
Айта кетсек, 11-августта интернетте Р.Алимов орус улутундагы аял менен кайым айтышып, "үйдү бошоткула" деп айтып жаткандыгы тууралуу видео тараган. Улгайган аялга кыйкырынып сүйлөгөн жаран өлкө башчыны "чүпүрөк" деп кемсинтип, ошондой эле милиция кызматкерлери жөнүндө да терс пикирин айткан. 43 жаштагы Алимовго карата "бейбаштык" беренесинин 2-бөлүгү (жаш балдарды, кары-картаңдарды, майыпты же алсыз абалда болгон адамды мазактоо менен коштолгондо) боюнча кылмыш иши козголгон.