Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 2016-жылдын 10 айында өлкө аймагында жалпы 3058 өрт кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 11,9 пайызга аз. Ал эми өрт кырсыктарынын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдар 424 миллион сомду түзгөн. Ошондой эле өрттөн 53 адам каза таап, 64 адам жабыркаган.
“Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 107 адамдын өмүрү жана 2 миллиард сомдон ашык товардык-материалдык баалуулуктар сакталып калган. Андан сырткары өрт кырсыктарынын кесепетинен 92 бирдик транспорт, 3856 тонна кесек тоют, 41 баш мал, 52 курулмалар жок болгон”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Өрт кырсыктарынын келип чыгуу себептери:
Өрттүн жалпы санынын 54,4 пайызы турак жай секторунда болгон.
“Болуп өткөн өрттүн басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында (511), Чүй (832), Ош (447), Жалал-Абад (440) жана Ысык-Көл (297) облустарында катталган”, - деп билдиришти ӨКМдан.
Кышында өрттүн келип чыгышынын алдын алуу үчүн кандай коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл?
Жогорудагы көрсөтүлгөн өрт коопсуздук эрежелерин сактоого көңүл буруу зарыл. Муну менен ар бирибиз турак жайыбызды, мүлкүбүздү сактай алабыз. Ошондой эле өрт учурунда адамдардын жаракат алуусун жана каза болуусун алдын алган болобуз.