Борбор калаада бир нече алдамчылык фактысына шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Т.Ж. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Сабира аттуу аял 2015-жылы 10-ноябрда саат 13:00 чамасында Алматы жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен анын ишенимине кирип 2,5 миң доллар турган Ниссан Ларго үлгүсүндөгү унаасын алып, изин жашырып кеткенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 43 жаштагы Ж.С. аттуу тургуну кармалган.
“Учурда кылмышка шектүү мындан башка дагы бир канча алдамчылык фактылары боюнча айыпталууда. Эгер андан жабыркагандар болсо, (0701) 41-15-09, (0551) 10-28-05, (0705) 08-05-05, (0773) 52-95-95 номурлары аркылуу кабарлап коюшса болот”, - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.