Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында аталган райондун Момбеков айыл аймагында болгон. Анда 1965-жылы туулган К.М. өз үйүндө асынган абалда табылган.
"Окуя болгон жерге келген коңшулары аялдын мурда эле каза болгонун байкашкан. Мындан улам милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүргөн. Маркумдун туугандары соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан, бирок милиция кызматкерлери сөөктү текшерүүгө мажбур болушкан. Анын жыйынтыгында маркумдун муунтулуп өлтүрүлгөнү анык болгон. Мындан улам анын күйөөсү 1965-жылы туулган А.К. кылган ишин жана аны жашырууга аракет кылганын мойнуна алган", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Алдын ала маалымат боюнча, окуя болгон күнү алар уруша кетишкен. Күйөөсү аялын муунтуп өлтүрүп алган. Кылган кылмышын жашыруу үчүн "асынып өлдү" деп койгон. Учурда "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.