Араванда "кыз менен сүйлөшүп турган жигитти катуу сабап, өлтүрүп алган" деп шектелген 6 бала кармалды. Алардын бири жашы жете элек өспүрүм. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 20-сентябрда катталган. Анда Чек-Абад айыл аймагынан 18 жаштагы Н.Маруфжон аттуу баланын жансыз денеси табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы А.Д., 21 жаштагы И.Б., 24 жаштагы Н.Ж., 20 жаштагы Д.М., 18 жаштагы М.М. жана дагы бир жашы жете элек жергиликтүү тургун кармалды. Акыркысы жашы жете электигине байланыштуу соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Кылмышка шектүүлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык, каза болгон бала кылмышка шектүүлөрдүн биринин классташынын кудалап койгон кызы менен жүгөрү талаасында сүйлөшүп турганын көрүп калган. Ал достору менен бирге каза болгон баланы "коркутуп коёбуз" деген максатта ур-токмокко алып, оор жаракаттардан улам ал каза болуп калган", - деп билдиришти Ош ОИИБинен.
Белгилүү болгондой, кылмышка шектүүлөр соттун чечими менен 2 айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.