Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук соту өз кызын 3 жыл бою зордуктап жүргөн атаны өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда SUPER.KG порталына ишти караган судья Эмил Кайыповдун кабылдамасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айыпталуучу Базаркул Иманкулов 2012-жылдан 2015-жылга чейин өзүнүн 2000-жылы туулган кызын зордуктап келген. Алгачкы жолу ал кызын 2012-жылы мас абалында зордуктаганы аныкталган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыздын ата-энеси ал 3 жашында ажырашып кеткен, кийин кыз атасынын колунда калган.
"Кечээ, 9-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда "өз кызын зордуктаган" деп айыпталган Иманкуловдун иши каралды. Ишти карап жаткан судья Эмил Кайыпов аны күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды", - деп билдиришти судьянын кабылдамасынан.