Лондондо трамвай рельстен чыгып кетип, 7 адам каза болду

Лондондо трамвай рельстен чыгып кетип, 7 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ жергиликтүү убакыт менен саат 06:10 чамасында Кройдон районунда орун алган. Жүрүп бараткан трамвай аңтарылып кетип, 50 жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алып ооруканага түшкөн. Ал эми оор жаракаттардан улам 7 адам каза болуп калган.

"Трамвайдын айдоочусу камакка алынды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал трамвайды башкарып баратып уктап кеткен болушу мүмкүн. Учурда бул версия текшерилип жатат. Иликтөө иштеринин алкагында трамвай уруксат берилген ылдамдыктан жогору ылдамдыкта келатканы аныкталган. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
chon.alai.
2016-11-10 18:36:39
катуу ылдамдык мн бурулса чыгып кететда корунуп эле турат.шоопуру уктап калса керек
0
gulzar_gulu
2016-11-10 19:00:34
Акыркы күндөрү өлүм жөнүндө эле кабар окуп калдык, жүрөктүн үшүн алып.
Кудай баардык кырсыктан баарыбызды сактасын, бирок, сактансаң сактайт деген сөз бар го, этият бололу.
+2
kyrgyz.alaiy
2016-11-10 20:52:14
супер инфо, Эмнеге 3 жаштагы Искактын 3 комнаталуу батирлуу болгонун жазбайсынар? картондо уктаган баланын арманын жаздынар уйлуу болгонун деле жазып койсонор болмок((
0
Zulina
2016-11-10 22:22:27
Тынчылык эле болсун(
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан