Ысык-Көл облусунда катталган жол кырсыгынан унаанын жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 10-ноябрда Тоң районунда, Балыкчы-Каракол унаа жолунун 27-чакырымында орун алган. Анда Мерседес үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Натыйжада унаанын 1991-жылы туулган С.Н. аттуу жүргүнчүсү оор жаракаттардан улам каза болуп калган.