ЖЫЛНААМА, 11-НОЯБРЬ: 1999-жылы Италияда 6 кабаттуу үй кыйроого учурап, 67 адам каза болгон

1998-1999-жылдары Италиянын Фоджа шаарындагы 6 кабаттуу үйдүн жашоочулары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө үйдүн авариялык абалда экенин айтып арызданып келишкен. Жаан жааган сайын андагы батирлердин ичине чейин суу кирип, жашоочуларга ыңгайсыздык жараткан, бирок бийлик 90 адам жашаган бул үйдүн начар абалына кош көңүл мамиле жасап койгон.

1999-жылы 11-ноябрда таңга маал үй кыйрап, 67 адам каза болгон. Куткаруучулар 15 адамдын өмүрүн сактап калганга үлгүрүшкөн. Ал эми 8 жашоочу ошол түнү үйүндө болгон эмес. Бул окуяга байланыштуу иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында үйдүн пайдубалы бекем эмес экендиги жана үйдү курууда сапатсыз курулуш материалдары колдонулгандыгы аныкталган. Окуяга байланыштуу эч кандай сот жараяны жүргөн эмес.

11-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан