Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы кийим тигүүчү фабрикадан чыккан өрттөн бери дегенде 10 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Окуя Делинин борбордук аянты менен чектеш жайгашкан Шахибабад районунун Газиабад округунда болгон. Өрт жума күнү таңкы 04:00дө чыккан.
“Полиция кызматкерлери 10 адамды ошол жерден каза болду деп билдиришти. Айрымдар каза болгондордун саны 13 адам экенин айтышууда. Мындан тышкары өрттөн жапа чеккен адамдардын көбү оор абалда жатат”, - деп айтылат маалыматта.