Чүй облусунда бейбаштыкка шектелип эки шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Аламүдүн районунун 35 жаштагы тургуну кайрылган. Ал 9-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында белгисиз жарандар анын Hyundai Porter унаасынын айнектерин талкалап кетишкенин билдирген.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы М.С. жана К.Н. аттуу шаар тургундары кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.