Ак-Талаа районунда 8-класстын окуучусунун асынып алганы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө

Ак-Талаа районунда 8-класстын окуучусунун асынып алганы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда SUPER.KG порталына Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 10-ноябрда Коңорчок айылындагы үйлөрдүн биринде катталган. Анда 13 жаштагы кыз үйүнүн короосуна мал байлаган арканга асынып каза болгон.

"Кыздын жанынан эч кандай кат табылган эмес. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
leilek_suluktu
2016-11-11 15:56:15
жаш экен эмне себеб болду экен.
0
baiyshvip
2016-11-11 16:09:27
Балдарды эрктуу болууга дагы тарбиялаш керек экен азыркы жаштарды карасан эптемей эле тообо!!!Мектептин програмасына психология сабагын киргизиш керек!- же Башкача балдарды моралдык жактан тарбиялоого методика иштелип чыгыш керек!!!
+6
s9zen098
2016-11-11 16:10:19
Балээ болду го. Боло турган, болбой турган себепке деле асынып алышып. Он жолу төрөлчүдөй же өлгөндө эле жыргап кетчүдөй ойлошобу түшүнбөйсүн. Сабыр деген нерсе жок калганбы азыркы өспүрүмдөрдө?...
+8
Aytur
2016-11-11 19:50:25
s9zen098, Сизге толугу менен кошулам.
Азыр балдар аябай эле алсыз,сабырсыз болуп кетишти олуп эле жыргап кетчудой сезилеби тушунбойсун!
+1
baiyshvip
2016-11-11 16:11:16
Каза болгон кыздын арты кайрылуу болсун Ата Энесине Кайрат сабырдуулук тилеймин!!!
+1
ekaterinburg
2016-11-11 16:28:01
Шайтандын азгырыгы...Астагфируллах!
+3
azder19
2016-11-11 17:28:37
13 жашар кыз емнени билет десем,азыркы жаштар отоле ерте чоноюп атышат.Аллах озу кечирсин ата энеси жакындарына сабыр ((
+3
maks94.kb
2016-11-11 18:47:29
Жайы жаннатан болсун 13 кыз соз жок
0
elmurat.kg
2016-11-12 21:32:47
maks94.kb,мындайлар жаннатка кирбейт.тиги дуйнодода асылып турушат...психология сабагын киргизиш керек чындап...булардын кообу кино фильм мултиктерден компьютердик оюндардан келип чыгат
0
dindilin
2016-11-12 11:45:14
Кудай сактай кооор. Ушундай окуяларды окуп же уккан сайын кызымдын келечегин ойлоп коркоуп кетем. Баардыгы интернет.соц.сеттердин таасириненби деп да ойлоп кетем. Балдардын кочо чандатып ойногонун деле корбойсун. Баары эле тел. Оюн ойногонго. Ар кандай видео коргонго эле ашыгышат. Интерактивдуу метод дегенибиз менен балдардын ой жугуртуусун начарлатып. Психологиялык абалын да томондотот деп ойлойм. Интернет.сотка жоок кез деле жакшы учур болчу экен деп калам.
+1
Kroxa
2016-11-12 22:17:17
Азыркы балдар таарынчак,алсыз,телефондо эле отурушат башка иш кыл,сабак оку десен жаман копушот,ошондойлордун тубу ушинтип аякташы мумкун ата-эне мугалим--баланын ортосундагы келишпестиктен...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан