11-ноябрда саат 17:00 чамасында тергөөнүн алкагында кармалган жаран изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, изделип жаткан Рамазан Керимович Ляхунов каракчылык боюнча айыпталып кармалган эле. Ал 1995-жылы туулган, Токмок шаарынын тургуну. Улуту дунган, бою 160-165 сантиметр, чачы кара, көзү кара. Качкан күнү ал капюшону бар жашыл-боз түстөгү спорттук кийим жана кара түстөгү шым кийип жүргөн.
Эгер ал жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, (0312) 43-32-75 же 102 телефон номери аркылуу милицияга кайрылуу зарыл. Маалымат берген адамдын аты-жөнү жашыруун сакталары жана ага сыйлык берилери кепилдендирилет.