2011-жылы 12-ноябрда Казакстандын Тараз шаарында 34 жаштагы жан кечти өзүн өзү жардырып жиберген. Ок атышуу менен жардыруу орун алган окуяда 7 адам, анын ичинен 5 укук коргоо кызматкери набыт болгон. 1977-жылкы жан кечти курал-жарак сатуучу дүкөндүн кароолчусун өлтүрүп, ал жерден эки мылтык уурдап чыккан. Аны кармоо учурунда өзүн жардырып жиберген. Натыйжада аны куралсыздандырууга аракет кылган полициянын капитаны каза тапкан.
12-ноябрга карата жылнаама.