Өзгөндө спирт ичимдигин ичип отурган эки адам уруша кетип, бири экинчисин өлтүрүүгө шектелүүдө

Ош облусунун Өзгөн районунда оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 11-ноябрда Өзгөн райондук милиция бөлүмүнө 45-50 жаштагы адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. "Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун кошуналары, туугандары суракка алынышкан. Маркум 1971-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну экени аныкталган. Кылмышка шектүү катары аталган райондун 1972-жылкы Б.К. аттуу тургуну кармалган. Анын айтымында, 11-ноябрга караган түнү саат 00:30 чамасында экөө арак ичип отурушкан. Алардын ортосунда чыр чыгып уруша кетишип, кылмышка шектүү адам столдон бычакты алып төш жакка сайгылап, мойнун кесип салган. Андан соң маркумду төшөк менен жаап, окуя болгон жерден качып кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда. Аталган факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Abubakir05
2016-11-12 19:59:47
Чондорубуз озу баш болуп ичсе кайдан жок болмок эле дагы эле карапайым эл олгон олтургон.
+8
Malik92
2016-11-12 20:07:36
Арам арактын сатылбашын Дастан Бекешов көтөрдү бирок ал деле кечки 23:00 дөн таңкы 07:00 гө чейин эле анан дагы башка көңүл ачкан жерлерге тиешеси жок жалаң соода түйүндөрүндө.
+6
batkendik.18
2016-11-12 20:16:21
Саттырбай койгондон не пайда ар бир адам озу эле ичбей койсо сатчууларда сатбай койот
-4
Ali-han
2016-11-12 20:18:08
Бири олду бири турмого камалды. Балдарынарды ким багат эми
+12
Targarien
2016-11-12 20:42:46
Мен таптакыр арак ичпейм ичкен да эмесмин кана баары мендей болсо!
+11
elmurat.kg
2016-11-12 22:22:02
эхх мурунку убактарда курулду, утту, жетишкендиктер болду, ойлоп тапты дешсе,азыркы убакта олду, зордуктады, уурдады, пара алды эхх айта берсен коп
+5
Sema87
2016-11-13 00:25:07
кечки саат 18 ден кийин арак сатууга тыйуу салуу керек
+4
Aku.02
2016-11-13 01:06:31
Негизи Ош тарапта ХХХ ХХХ ХХХ. Кудай озу сактасын.
-3
admin_portal
2016-11-14 12:52:59
Aku.02, провокациялык билдирүүлөрдөн алыс болууну сунуштайбыз!
0
mederkg
2016-11-13 02:58:40
Арак күнөнүн энеси дейт. Да ошон үчүн
+2
Mital.89
2016-11-13 03:40:17
Ушуну аракты жок дегенде туну 22:00
Кийин сатпайтурган кылып койсода жакшы болмок.
+2
azamat.k
2016-11-13 05:26:56
Аракты тунку саат 1 ден,тунку саат 2 ге чейин эле жарым саат эле сатыла турган кылып койсо кандай болот?Копчулук арак ичкендер туну уктап калып жетишбей калааар беле арак алганга.Же туну очередь болуп кетеби арак дуконго?
+2
simone
2016-11-13 09:54:57
Каримов деле ХХХ
+2
admin_portal
2016-11-14 12:59:43
simone, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
souza.j
2016-11-13 12:45:23
Арак куноолубу же адамдарбы. Арактын тили болгондо ал да бир нерсе дейт беле
+1
chon.alai.
2016-11-13 15:27:08
адамдардын эн алсыз акмак экени ушунда аракты жаман дегендер а чынында ичкен адам жаман аракты болсо кайра эле озубуз адамдар жасашат асмандан тушкон жокго арак
0
munduz2016
2016-11-13 20:21:03
Д.И.Менделеев аракты градусунан бери койуп берип озу ичкен эмес экен....Бирок арактын азыркы составы совсем башкача.Мээни,журокту,боорду,бойрокту,от...Кыскасы зыяндан башка пайдасы жок.Мындайча айтканда улутубузду уу менен ууландырып жатышат арак заводу барлар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан