Кадамжай районунда айдоочу унаасы менен тосмону сүзүп, оор жаракаттардан улам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Халмион айылында Баткен-Ош унаа жолунун 202-чакырымында орун алган. Анда Гольф-3 үлгүсүндөгү унаанын 1995-жылы туулган С.Б. аттуу айдоочусу жолдон чыгып кетип, тосмону сүзүп, кырсык болгон жерден каза тапкан. Ал эми ичиндеги бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген.