Аламүдүн районунда “май коюучу жайдын кызматкерин бычактаган” деп шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 12-ноябрь күнү саат 04:00 чамасында Лебединовка айылындагы май куюучу жайлардын биринде болгон. Анда белгисиз адамдар 36 жаштагы П.Р. аттуу кызматкерди бычак менен сайып, уюлдук телефонун алып кетишкен. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 21 жаштагы К.Э. жана 22 жаштагы Ш.Н. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.