Чүй облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ноябрь айынын ортосунда Жайыл районундагы Сосновка постунда Бишкекке келе жаткан Тойота Превиа үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын багажын текшерген учурда жашылча-жемиштердин ортосуна катылган баңгизат табылган. Анын жалпы салмагы 3 килограмм 100 грамм болгон. Учурда унаанын айдоочусу 1980-жылы туулган У.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.
Ал буга чейин Чүй облусундагы абактарга баңгизатын ыргытуу менен алектенип келген.