Гапар Айтиевдин 100 жылдыгына карата көргөзмө уюштурулат
16-ноябрда Бишкекте белгилүү сүрөтчү Гапар Айтиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык күзгү көргөзмө өтөт. Бул иш-чараны КРнын Маданият жана туризм министрлиги, КРнын Сүрөтчүлөр союзу жана Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи уюштурат. Көргөзмөдө сүрөт өнөрүнүн бир нече түрү боюнча 200 экспонат коюлат.