Кара-Көл шаарында турак үйдөн өрт чыгып, үй ээси жана анын аялы каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 29-ноябрга караган түнү чыккан. Кара-Көл шаарындагы 80 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер менен жабылган турак үй толугу менен күйгөн. Үйдүн ичинен болжол менен 70 жаштагы үй ээси Л.Н. жана 60 жаштардагы аялы М.Шнын түтүнгө ууланып, жарым-жартылай күйгөн жансыз денеси табылган. Кырсыктын келип чыгышына тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.