Жалал-Абад облусу насыя алуу боюнча башка облустардан алдыда
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2012-жылдын 6 айында 285 миң 867 адам микрокредиттик компаниялардан насыя алган. Бул сан өткөн жылдагыга салыштырмалуу 1,6 пайызга аз. Насыя алуучулардын 65 пайызы акчаны айыл чарба тармагын өнүктүрүү максаты менен, ал эми 18 пайызы соода тармагына жумшоо үчүн алган. Өлкөдөгү 7 облус боюнча салыштырганда Жалал-Абад облусу алдыда, аталган облуста 51 миң 659 адам насыя алган.