Сокулук районунда эки окуучу кызды 45 жаштагы айдоочу сүзүп кетти

13-ноябрда саат 12:45тер чамасында Сокулук районунда эки кыз автокырсыкка кабылды. Даймлер-крайслер унаасын башкарып бара жаткан Военно-Антоновка айылынын 45 жаштагы жашоочусу Бишкек-Чалдыбар багытында бара жатып эки мектеп окуучусун сүзүп кетти. Кыздардын бири 13 жашта, экинчиси 12 жашта. Денесинен олуттуу жаракат алган кыздар аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда сүзүп кеткен айдоочу кармалды, автоунаа убактылуу токтотуучу жайда. Бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан