Түп райондук сотунун төрагасы паракорлукка айыпталып, кызматынан бошотулду

Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун төрагасы Автандил Исраилов кылмыш жообуна тартылуу үчүн ээлеген кызматынан четтетилди. Жарлыкка Алмазбек Атамбаев кол койгонун Президенттин Аппаратынын маалымат саясат бөлүмү маалымдады. Эске салсак, Автандил Исраилов Чолпон-Ата шаарынын тургунунан маселени оң жакка чечип берүү үчүн 25 миң сом пара алып жаткан жеринен үстүбүздөгү жылдын август айында кармалган. Ошондой эле анын иш бөлмөсүндөгү сейфинен 3 миллион сом табылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан