Азиздер жана начар көргөн балдар үчүн ЖКда экскурсия уюштурулду

Бүгүн ЖКда депутат Дастан Бекешевдин чакыруусу менен Республикалык азиздер жана начар көргөн балдар жатак мектебинин окуучуларына экскурсия өткөрүлдү. Экскурсия катышуучуларына кыргыз парламентинин тарыхы, иш-милдети жана түзүмү, депутаттык корпустун курамы, парламент регламентинин Жогорку Кеңештин ишин уюштуруудагы ролу тууралуу маалымат берилди. Депутат Дастан Бекешев менен жолугушканда жатак мектептин окуучулары жогорку билим алуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү, мамлекет тарабынан көрсөтүлчү колдоолор жөнүндө суроо беришти. Депутат аларга ар кандай жеңилдиктерге ишенбестен, биринчи кезекте өз күчүнө таянууга кеңеш берди. "Албетте, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кыйын болот, ошондуктан өз алдынча турмушка аттануу – оор сыноо экендигин эсиңерге салгым келет. Бирок эч качан башты жерге салбай, алты саны аман өзүңөр теңдүүлөрдөн кыйла бийик болуу менен, өз алдыңарча билим алуудан чарчабагыла",- деди депутат Дастан Бекешев экскурсия катышуучуларына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан