Баткен облусунда арзан баада ун сатылып башталганын КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Өкүлчүлүктөн маалым болгондой, аталган облуска 600 тонна ун бөлүнгөн. Буга чейин Баткен облусу боюнча 1 кап ундун баасы 1800 сомго чейин жетсе, азыр арзандатылган баада 1200 сомдон сатылып жатат.