Былтыркы жыл чыгармачылыктагы арбын жеңиштер менен аяктады. Алардын бири катары "Азия MIX" командасы КВНдин Жогорку Лигасында чемпион болгонун айта алабыз. Команданын мүчөсү Камила Абдил: "Азия MIX`ти" түптөгөндө Эльдияр экөөбүзгө жардам берген эч ким жок болчу. Сахнанын артындагы жумуштун баарын моюнума алгам", - дейт.
Чемпион атыккан команданын сахна артындагы кызыктары жана түйшүктөрү туурасындагы Камила айымдын маегин “Супер-Инфонун” жарык көргөн жаңы санынан (№744, 3-февраль, 2017-жыл) таба аласыз.