Ошто Патрулдук милициянын унаасынын айнегин сындырган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Райкан Абдразакова билдирди.
Анын айтымына караганда, 2-мартка караган түнү саат 02:00 чамасында милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Ош шаарынын Раззаков көчөсүндөгү базарда белгисиз адамдардын мушташып жатканы айтылган.
"Окуя болгон жерге барган Патрулдук милициянын кызматкерлери мушташып жаткан адамдарды норкологиялык экспертизадан өткөрүүгө аракет кылышкан. Ошол учурда алардын бири Патрулдук милициянын унаасынын арткы айнегин сындырып салган. Бул кылмышка шектүү катары Баткен районунун 1985-жылы туулган Т.А. аттуу тургуну кармалып, ага "бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы тапта ал убактылуу кармоочу жайда", - дейт Райкан Абдразакова.