Кечээ, 21-июнда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Чолпон-Атада өткөн жыйында Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлардын ээлерине жана өкүлдөрүнө сунушун берди.
Анын айтымында, пансионаттардын ичи гана эмес, сырты да аларга тиешелүү.
"Зымыратып жолду тротуары менен жасап салалы. Ар бириңер пансионатыңардын алдына көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жасагыла. 15-20 арча тиккиле, гүлдөрдү отургузгула, 2-3 отургуч коюп койгула. Келген адамдар сагаалап турбасын. 1-2 пансионатты көрдүм, эшиги жабык, келген эс алуучулар сумкалары менен эшигинин жанында турат. Отурганга отургучу жок. Эмне бул силерге тиешеси жокпу? Аны жасасаңар мен үчүн же жетекчи үчүн жасабайсыңар. Өзүңөр үчүн жасайсыңар. Эшиктен киргенде эс алуучу жайлардын ичи өзүнчө эле бир сонун, таза, гүлгө толгон, тапан таш басылган, бак-дарактар отургузулган. Анан эле эшиктен сыртка чыксаң баягынын баары жок. Чаң баскан жол, эч бир шарты жок аймак", - деди Ташиев.
Айта кетсек, атайын кызматтын башчысы кечээ, 21-июнда өткөн жыйындын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө аймактагы жасала турган жумуштар сентябрь айына чейин бүтүшү керектигин эскертти.