Жалал-Абад шаарында эки мектеп окуучусу бычактан жаракат алып, ооруканага түштү

Жалал-Абад шаарында эки мектеп окуучусу бычактан жаракат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 2-март күнү түшкө маал Спутник кичи районундагы бош имараттардын биринде болгон. Анда №19-мектептин окуучусу №9-мектептин эки окуучусун бычактап салган. Алардын биринин абалы оор болсо, бири жеңил жаракат алган. Бул кылмышка шектүү катары №19-мектептин 9-классынын окуучусу кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alixan-Nookat.2015
2017-03-03 12:33:08
Акыркы убактарда мектеп окуучулары арасында мындай терс көрүнүштөр көп болууда өз өмүрүнө кол салуу, мушташ, бычактап салуу ж.б. Менин жеке оюмда жеткиликтүү деңгээлде окуучуларга тушундуруу иш чаралар өткөрүлбөй жатат мектептерде мугалимдер тарабынан ал эми ата-энелер балдарын көзөмөлдөбөй жакшы тарбия бербегендиктен келип чыгууда деп ойлойм.
0
dina1983-19
2017-03-03 12:33:13
Кыз талаш болсо керек
0
baltabai
2017-03-03 14:18:24
Окуучулар жаман иш кылыптырго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан