Түн ичинде Жалда жол тандабас өрттөнүп кетти. Себеби азырынча белгисиз

3-мартка караган түнү Бишкектин Жал кичи районунда жол тандабас өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, саат 03:40 чамасында Жалдагы 38-үйдүн короосунда токтотулуп турган Тойота Ленд Крузер өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү тез арада өчүрүү аракеттери көрүлүп, саат 04:18де өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жол тандабастын жанына токтотулган Тойота Калина унаасынын арткы бөлүгү күйгөн.

Өрт кимдир бирөө тарабынан жасалганбы же унаа техникалык мүчүлүштүктөн улам өрттөнүп баштаганбы? ӨКМ тактап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
gitaris93
2017-03-03 10:56:01
Бир ХХХ орттогон да айты унаанын ээсинин душмандары окшойтда .
+1
kushtari
2017-03-03 11:20:55
Жон еле орттонбойтда бироо кылса керек
+1
Satana
2017-03-03 14:12:38
kushtari,
Жоон эле туруп орттонуп кетет. Болот ар кандай нерсе болот. Кобунчо аккумулятордон кетет
0
Begimkyz.
2017-03-03 11:36:34
Мындай машинаны жон адам айдабаса керек...
+1
aszyma
2017-03-03 12:00:39
Жол тандабас Машиненин атыбы?
-3
sagynbek.apyshev
2017-03-03 12:11:41
aszyma,мага окшоп айылдык окшойсун а???
+4
surgeon777
2017-03-03 12:12:01
aszyma,джиптерди айтат,внедорожник-жол тандабас деп которулган.
-1
baltabai
2017-03-03 14:15:30
Бирөө эле өртөөп салган
-1
jasgul
2017-03-03 15:38:11
мен сага олум алып келем- деген созду кайсы чыгармадан окудунар эле. Окшобой эле атабы? жол тандабастарга ууга чыкпады бекен деги бироо...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан