Кара-Суу районунда айыл өкмөт башчысынын орун басары алдамчылыкка шектелүүдө

Кара-Суу районунда айыл өкмөт башчысынын орун басары алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Ош облусунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал Кара-Суу районундагы айыл өкмөттөрдүн биринин кызматкери алдамчылык жол менен базардын жанына дүкөн ачууга уруксат берүүчү документ үчүн ири суммадагы акча сурап жатканын айткан. Бул факт боюнча "мыйзамсыз сыйлык алуу", "алдамчылык" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шектүү катары айыл өкмөт башчысынын орун басары кармалып, анын арыздануучудан 25 миң сом алганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан