Баткен шаарында Кыргыз милициясынын 92 жылдыгына арналган туунун ачылуу аземи өттү

Бүгүн, 3-март күнү Баткен шаарында Кыргыз милициясынын 92 жылдыгына арналып, тургузулган туунун ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Баткен ОИИБинин жетекчиси Ашим Тагаев жана облус аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Баткен шаарына алгачкы жолу коюлуп жаткан желектин узундугу 8 метр, туурасы 5 метр. Ал эми бийиктиги 27 метрди түзөт.

Айта кетсек, мамлекеттик туу ОИИБинин жетекчиси Ашим Тагаевдин демилгеси менен тургузулган.

3-март - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги кабыл алынган күн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан