Бишкекте дипломатиялык номер тагылган унаа жол кырсыгына кабылды

Бишкекте дипломатиялык номер тагылган унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 2-март күнү саат 18:00 чамасында Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү №93-үйдүн каршысында болгон. Анда Мерседес Бенц, Тойота Ленд Крузер, Шевроле Трейлблейзер жана Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен Шевроле Трейлблейзер унаасындагы 2014-жылы туулган бала жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ошондой эле үч унаа айып жайга киргизилип, дипломатиялык номер тагылган Тойота Ленд Крузер унаасы элчиликке жеткирилген.

Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгы унаа кайсы элчиликке таандык экенин айтышкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bond02
2017-03-03 16:23:50
Дипломатиялык номердеги автоунаанын айдоочусун жакшылап кармагыла, кечээги орустун элчилигиндей болуп мамлекеттен чыгып кетти деп кол куушуруп отурбай.
+6
Asanovna1805
2017-03-03 23:01:37
bond02,туура эмес басып алдым кечир +басайын дегем
0
senchi
2017-03-03 16:31:25
Колдорунан эч нерсе келбейт, намыс деген барбы эле булардын. Чондор юбка кийип алгылачы макулбу. Силерге ишенген элда тажашты.
+5
baltabai
2017-03-03 16:31:47
Оа чын катык кармагыла
-4
Ronaldo.99
2017-03-03 16:55:23
Кунолууду карагыла жакшылап.Орустай кылып аста узатып жибербей!
+4
Nusi..91
2017-03-03 17:27:06
Эн жонокой машина гольфту куноолоп койбойбу.
+2
BekAmir
2017-03-03 19:03:24
Эч нерсе кыла алышпайт, жаап жашырып коюшат
0
Azatbek83
2017-03-04 01:37:41
А.Э.менен М.Ж.куноолору жок экен А.Б.озу шок абалда баарын айтып берди В.Н.силерде чет элдиктер эмне десе ошону аткарасынар мени оз олкомо тезиреек жонотуп жибергиле кетип калайын кечирип койгула бир аз чайынарга акча таштайм мени кошпой эле жакшы узатып койгула деди дегендей кылбай жакшылап иликтеп куноолуулордун куноозун мойнуна койдуруп мыйзам чегинде иштешсе жакшы болмок!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан